Top.Mail.Ru
Жардам / Тапшырмалар менен кантип иштөө керек
Рокет Воркто тапшырмалары менен кантип иштөө керек
Платформада иш эки тараптуу мамиленин алкагында буйрутмачы менен аткаруучунун ортосунда болот. Буйрутмачы иш аткарууну сунуш кылат (Тапышрманы жайгаштырат) ал эми аткаруучу ага макул болот (Тапшырманы кабыл алата).
Буйрутмачынын муктаждыгына жараша тапшырма аткарылган иш актысынын болушун каралган же каралбаган болушу мүмкүн.
Нускама
1
Эгер сиз платформада каттала элек болсоңуз, аны нускаманын жардамы менен жасаңыз: «Рокет Воркто кантип аткаруу болуу керек».
2.
Телефонуңуздун номерин, смстеги кодду жана сырсөздү колдонуп Рокет Ворк тиркемесине кириңиз.
3.
Тапшырманы алууну күтүңүз. Сизге пуш-билдирүү келет, «Жаңылар» бөлүмүндө көрсөтүлөт.
4.
Тапшырманын картасына өтүп, иштин шарттараны менен таанышыңыз. Сунуш кылынган келишимди жана буйрутмачынын берилмелерин карап чыксаңыз болот.
5.
Бардыгы жакса, «Кабыл алуу» баскычын басып, ишке кирише бересиз.
6.
Кийинки баракчада келишимге кол коюңуз. Ал үчүн телефон номериңизге келген билдирүүдөгү кодду киргизиңиз.
7.
Тапышрма кабыл алынганда статусу «Активдүү» болуп өзгөрөт.
8.
Тапшырманы аткаргандан кийин, «Аткарылды» баскычын басып ырастаңыз.
9.
Эгерде тапшырма актыны караштырган болсо, анда тутум сизди кол коюунун жаңы бетине жиберет.
10.
Акт менен таанышып, СМС кодун колдонуу менен ага кол коюңуз.
11.
Баары даяр. Тапшырманын статусу «Төлөөдө» дегенге өзгөрдү.
12.
Буйрутмачы өз тарабынан иштин аткарылышын тастыктагандан кийин, тапшырма акы төлөөгө кетет. Бул бир аз убакыт талап кылышы мүмкүн.
13.
Төлөнгөндөн кийин сиз профилде көрсөтүлгөн реквизиттер менен төлөм аласыз, ал эми тапшырма «Төлөнгөн» статусуна өтөт.
14.
Зарыл болсо сиз чекти жүктөй аласыз жана келишимдин текстине кайта аласы (анын ичинде жүктөп же аны басып чыгара аласыз). Ошондой эле келишимге жана актыга кол коюлган электрондук кол тамгалардын сертификаттарын карап чыгып же көчүрө аласыз.