Top.Mail.Ru
Жардам / Кантип өз алдынча алектенген болуп
Кантип өз алдынча алектенген болуп жана Рокет Воркко кошулса болот
Өз алдынча алектенген болуп, тапшырмаларды жана төлөмдөрдү алып башташ үчүн 4 кадамды аткарыңыз
1-кадам. Менин салыгым тиркемеси же ФНС жеке кабинети аркылуу өз алдыңызча алектенген болуңуз
Эгерде сиз Казакстандын, Белоруссиянын, Армениянын же Кыргызстандын жараны болсоңуз:
1.1
Россия Федерациясынын салык төлөөчүсү болуңуз. Ал үчүн сиз ИНН алуу жана салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуңуз керек. Аны РФ бардык салык инспекциясынан кылса болот.
1.2
ЖК берилмелери (ИНН жана сырсөз) боюнча Менин салыгым тиркемесинде, же эсептик жазуу аркылуу Мамкызмат көрсөтүүлөргө жазылуу аркылуу катталыңыз. Же шилтеме боюнча компьютерден катталыңыз.

Тиркемеге кириш үчүн, салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кириш үчүн пайдалануучу өз ИНН көрсөтүңүз.
2-кадам. Рокет Ворк тиркемесинде каттоо
2.1
Google Play же App Storeдогу Рокет Ворк тиркемесин жүктөп алыңыз.
2.2
Зарыл болсо сиздин ИННди мобилдик Менин салыгым тиркемесинен (Google Play же App Storeдонжүктөңүз) же ФНС жеке кабинетинен, компьютерди колдонуп жүктөңүз.
2.3
Рокет Ворк тиркемесин ишке киргизиңиз жана экрандагы кеңештерди аткарыңыз. Сизге телефон номериңиз жана көрсөтүлгөн ИНН керек болот.
2.4
Жарандыкты тандаңыз, ФАА жана паспорттук берилмелерди киргизиңиз.
2.5
Укуктарды суроо экранын күтүңүз.
3-кадам. Рокет Ворк менен өнөктөштүктү ырастаңыз
ФНС жеке кабинетине же Менин салыгым тиркемесине кириңиз (Google Play же App Storeдонжүктөңүз) жана Партнеры бөлүмүнө өтүңүз.
ФНС жеке кабинети үчүн нускама:
Сиз Өнөктөр бөлүмүнө өтүп, Рокет Воркту таап жана укуктар сурамын ырасташыңыз («Уруксат берүү» баскычын басыңыз) керек.
Маанилүү! «Менин атымдан салыктык чегерүүлөрдү төлөө» пунктунда «Уруксат берүү» (жогоруда сүрөттөгүдөй) тандалгандыгына ынаныңыз. Бул милдеттүү түрдө!
Менин салыгым тиркемеси үчүн нускама:
Сиз Өнөктөр бөлүмүнө өтүп, Рокет Воркту таап жана укуктар сурамын ырасташыңыз («Уруксат берүү» баскычын басыңыз) керек.
Маанилүү! «Менин атымдан салыктык чегерүүлөрдү төлөө» пунктунда «Уруксат берүү» (жогоруда сүрөттөгүдөй) тандалгандыгына ынаныңыз. Бул милдеттүү түрдө!
Бул кадамдарды жасагандан кийин, сиз, Рокет Ворктун кызматынан пайдаланууну улантсаңыз болот, тапшырмаларды алып жана аларды аткара аласыз.
4-кадам. Төлөм реквизиттерин кошуңуз
4.1
Рокет Ворк тиркемесине кайтыңыз, иштизмеге жана «Төлөмдүк маалыматка» өтүңүз.
4.2
«Эсепти кошуу» баскычын басыңыз, андан кийин «Реквизиттер боюнча».
4.3
Эми сиздин банктагы эсептин реквизиттерин кошуңуз. Башталышында банктын БИКин киргизиңиз — тиркеме банкты өзү тааныйт жана аны тандоону сунуштайт. Андан кийин банктын реквизиттерин көрсөтүңүз.
Маанилүү! Сиз банктык эсептин номерин киргизишиңиз керек. Ал 20 белгиден турат жана картанын өзүндө көрсөтүлгөн номерден айырмаланат. Эгер андай сизде болбосо, анда сиз аны каалаган россия банкында ачып жана сиздин реквизиттерди басып чыгарууну сурансаңыз болот.
Ал эми эсеп ачылган болсо, бирок сиз өз реквизиттериңизди билбесеңиз, анда аларды банк тиркемесинен өз алдыңызча карап же сиздин банктын колдоо кызматы аркылуу тактап алсаңыз болот.
Банктар үчүн нускамаларды окуп чыгыңыз:
Сиздин банк тизмеде жок болсо, башка банктар үчүн нускамаларды окуңуз.
4.4
Эми сиз, Рокет Ворк тиркемесинен тапшырмаларды алып, аларды аткарып жана тиркемеде көрсөтүлгөн реквизиттердин эсебине төлөмдөрдү алсаңыз болот.
Тапшырмаларды кантип аткаруу керектигин бул нускамадан билсеңиз болот.